Кыргызстанда Улуттук банктын төрагасы жана Финансы министри алмашты

18-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук банктын төрагалыгына Алмаз Бакетаевдин талапкерлиги жактырылды. Ал 2021-жылдын октябрынан бери финансы министри болуп иштеп жаткан.
Ушул эле күнү депутаттар Финансы министри кызматына Руслан Сүйналиевди бекитишти. Сүйналиев буга чейин Финансы министрлигинде Алмаз Бакетаевдин биринчи орун басар болуп иштеп жүргөн.
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев ээлеген кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганы бүгүн белгилүү болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев 18-мартта жалпы жыйында билдирип, тийиштүү арыз парламенттин кароосуна келип түшкөнүн тастыктаган.
Тургунбаев Улуттук банктын төрагалыгына 2024-жылдын июнь айында дайындалган. Ал эмне себептен кызматтан кеткени айтылган жок.
Мелис Тургунбаев президенттен Улуттук банктын төрагасы болуп турган кезде эки ирет, Жаратылыш ресурстары министри кезинде бир жолу сөгүш алган.




























